“Сиз жакшы орун басар, жакшы аткаруучусуз. Мен түшүндүм, сиз жаңы өкмөттүн курамын өзгөртпөйт экенсиз. Мурда техникалык өкмөт деген болчу эле. Сиздин өкмөттү ошондой эле сезип атам”,- деди депутат Камила Талиева минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевге.
“Сиз убада эле берип жатасыз. Билем, териңиз пилдикиндей жоон, сынды да аябай көтөрөсүз. Бирок, соц тармагыңыз аябай начар. Билим берүү, саламаттык сактоо министрлигинде толгон токой маселелер бар. Аларды кантип жоесуз? Айтып коюшум керек, өкмөттүн курамына купулум толбой турат”,- деди депутат.