Депутат Эмил Жамгырчиев бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынына катышып жатат.
Жыйында эл өкүлү кесиптештерине кайрылып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын жана алдын ала сындоодон алыс болуусун суранып кетти.
Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.