Депутат Шайырбек Ташиев «Даңк» медалы менен сыйланды

Автор

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Президент Садыр Жапаров 18-декабрда кол койгон №345 жарлык кечээ, 27-декабрда «Эркин-Тоо» гезитинин атайын чыгарылышына жарыяланган.
Жарлыкка ылайык экс-министр Кудайберген Базарбаев, коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков III даражадагы «Манас» ордени менен, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров «Данакер» ордени менен, Самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков «Достук» ордени менен, Ысык-Көл облусунун жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов баштаган сегиз адам «Даңк» ордени менен сыйланды.
Андан тышкары легендарлуу ырчы Айша Базарбаевага, режиссёр Нурлан Асанбековго, киноактёр Догдурбек Кыдыралиевге «КР эл артисти», драматург Кайрат Иманалиевге «КР эл жазуучусу» ардак наамы ыйгарылды.
«Даңк» медалы жалпы 16 адамга ыйгарылган. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, Лейлектеги «Ата журт» райондук гезитинин башкы редактору Абдилаат Дооров, Чек ара кызматынын ыр-бий ансамблинин солисти, ырчы Гүлбара Мамбетакунова да бар.
Опера ырчысы Сталбек Жунушалиев баштаган 3 артист «КР эмгек сиңирген артисти», Улуттук хирургия борборунун директору Канат Мамакеев баштаган 16 дарыгер «КР эмгек сиңирген врачы», 4 кызматкер»КР эмгек сиңирген куруучусу», 7 мугалим «КР эмгек сиңирген мугалими», 3 кызматкер «КР эмгек сиңирген юристи», 3 адам «КР эмгек сиңирген экономисти» ардак наамдарын алышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Робот Тесла заводунун инженерине кол салды

АКШнынТехас штатында робот Tesla заводунун инженерине иштеп жатканда кол салып, оор жаракат алган. Жаңы куюлган алюминийден жасалган автоунаанын тетиктерин алып, жылдыруу үчүн арналган машина иштөө учурунда иштебей калып, робот колдорун жакын жердеги инженерге сүңгүп салган. Адам колунан жана белинен ачык жаракат алгандыгы айтылды. Бир нече күн мурун Илон Масктын Tesla […]

Сизге жагышы мүмкүн