Депутат Таалайбек Сарбашов боюнча ушактарга кесиптеши чекит койду

Автор

Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов боюнча тарап жаткан ушакка депутат Эмил Жусупов чекит койду. Белгилүү журналист Ыдырыс Исаков маектешинен “сиз Таалайбек Сарыбашов мэр болуп турганда Алайдагы жана Бишкектеги үйлөрүн салып, ири унаа мингизген экенсиз. Ал киши да, сизден 200 миң доллар доолап, офисиңизде үстөлдү ургулаган экен, ушул чынбы”,- деген суроосун узатты. Депутат Эмил Жусупов “аны сизге ким айтты? Андай болгон эмес. Компаниядан тактап алышыңыз керек. Антип, үстөл ургулаганын билбейт экенмин”,- деп жооп берди.
Журналист Ыдырыс Исаков “Эмаком” курулуш компаниясынын тегерегиндеги ызы-чуу боюнча депутатты маекке тартып, суроолоруна жооп издеген.
Таалайбек Сарыбашов 2018-2021-жылдар аралыгында Ош шаарын жетектеген. Учурда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда айрым жолдор убактылуу жабылды

Бүгүн, 13-декабрдан тарта Кыргызстанда айрым унаа жолдору баардык унаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин төмөнкү унаа жолдор бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды: – Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү; – Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалан 13-15 км […]

Сизге жагышы мүмкүн