Депутат Таалайбек Масабиров Спорт агенттигин түзүүнү сунуштады

Автор

Жогорку Кеңештин дупутаты Талайбек Масабиров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментине өз алдынча ведомство статусун берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жадпы жыйынында билдирди.
Ал ата мекендик спортчулардын акыркы Олимпиада оюндарындагы жана Испаниядагы дүйнө чемпионатындагы жетишкендиктерин белгиледи.
«Департаментти агенттикке өзгөртүүнүн убагы келди. Коңшу өлкөлөрдө департамент — бул район жана облустардын деңгээли. Дене тарбия жана спорт департаментин Маданият министрлигинен бөлүп, Спорт агенттиги катары трансформациялоо керек», — деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Дарыгерлерге жумушка жеке унаасы менен барбоо сунушталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыгерлерге жумушка жеке автоунаа менен келбөөнү сунуштоодо. Тиешелүү катты министрдин орун басары Медербек Исмаилов жергиликтүү жетекчилерге жөнөткөнүн Көз карандысыз медициналык профсоюздун жетекчиси Бермет Барыктабасова билдирди. Катта бул чечим өкмөттүн чоң шаарлардагы жол тыгындарына каршы күрөшүү тапшырмасын аткаруунун алкагында кабыл алынганы айтылат. Бул […]

Сизге жагышы мүмкүн