Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров студенттердин жол акысын арзандатуу боюнча маселе көтөрүп, “мэрия аларга “студенттик жол акы” деген жеңилдикти уюштуруп бериши керек. Студент окуганга келген, анын акчасы жок. Билим алып жаткандарга биз жеңилдиктерди көрсөтүшүбүз керек”,- деди.
Андан сырткары Түштүк аймагынан келген студенттер үчүн учак тарифтерин арзандатууну айтты. Белгилүү болгондой, мындан бир канча күн мурда депутат студенттер менен жолугушкан. Ошондо ушул маселелер студенттер тарабынан көтөрүлгөн.