Депутат “Сапат” билим берүү мекемелерине ыраазычылык билдирди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Эл аралык “Cапат” билим берүү мекемелерине ыраазычылыгын билдирип, былтыркы болуп өткөн окуяны эскерди.
“Мен “Сапат” билим берүү мекемесине учурдан пайдаланып, рахмат айтам. Былтыр мага “Дача-Суу кырсыгына учурап, жетим калган бир бала келди. Мен анын абалына ыйладым. “Сапаттын” жетекчилери менен сүйлөшкөнүмдө алар окутуп беребиз деп кабыл алышты. Ойлоп көрсөңөр, болбосо, кайда бармак”,- деди депутат. Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча алына турган 25 миллион доллар боюнча талкуу жүрүп жатат. Ага ректорлор да катышууда. Депутаттар кез – кезде багар – көрөрү жок балдардын билим алуусу тууралуу маселени да көтөрүшүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил Газадан ракета атылганын билдирди

Өлкөнүн борбордук бөлүгүнө бир нече ракета атылган. Бул тууралуу Times of Israel Израилдин коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө таянуу менен жазды. Тель-Авивде жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү бир катар шаарларда сиренанын үнү угулду. Маалыматтарга караганда, аткылоо Рафахка жакын түштүк аймактарга болгон. Сегиз ракета чек араны кесип өткөн. Бул акыркы төрт айда биринчи жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн