Депутат саламаттык сактоо министрлигин сынга алды

Автор

“Мамлекеттик дарыканаларды ачуу деген бул болбогон нерсе. Ал саясатыңар ишке ашпайт. Бул жөн эле алдоо”,- деп билдирди Камила Талиева “дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда.

“Силер дары – дармек саткан үлкөн фирмалардын дарыларын алып, сатып берүүчү гана кызматты аткарып калдыңар. Бул мамлекеттик саясат эмес. Бирдиктүү баа системасын киргизбесеңер, башка дарыканалардын дары – дармектерин сатып жүрө бересиңер. Мамлекеттик дарыкана деп ачтыңар бирок, жыйынтыгы жок”,- деди депутат.

Ал министр Алымкадыр Бейшеналиевдин саякаттарды токтотуп, ооруканалардын абалын жакшыртуу боюнча иш алып баруусун сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

“Айчүрөк” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, 22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору, КР жараны Ж.З.О. кармалды. Ага КР Кылмыш-жаза […]

Сизге жагышы мүмкүн