АКШнын ATACMS ракеталары менен Россиянын аймагына сокку уруу уруксаты Россияга карата түзүлчү коркунучтарга жараша эң катаал жоопту шарттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы жана ЛДПР лидери Леонид Слуцкий билдирди.
“Байден өзүнүн президенттик мөөнөтүн “кандуу Жо” деген ат менен тарыхта калтырууну чечти. Бул маалымат тастыкталса бир гана нерсени билдирет. Ал АКШнын Украинадагы аскердик жаңжалга түздөн-түз катышуусу. Бул коркунучтарга жараша Россия тарабынан эң катаал жооптор болот,”-деп белгиледи Слуцкий.
Анын айтымында, Россия буга чейин эң жогорку деңгээлде мындай кырдаал боюнча эскертүүлөрдү берип келген.
“Байдендин администрациясы муну түшүнбөй койбошу керек. Алар Трамптын командасына Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин гана эмес, глобалдык каршылашууну алдын алуу боюнча дагы бир курч көйгөйдү калтырып жатат,”-деди депутат.
The New York Times басылмасы америкалык администрациянын атын атабаган өкүлдөрүнө шилтеме кылып, АКШ президенти Жо Байден Украинага Россиянын аймагына сокку урууга америкалык алыска атылуучу ракеталарды колдонууга биринчи жолу уруксат бергенин кабарлаган.