Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, 13 – сентябрда парламенттин жалпы жыйынында профсоюздар уюмундагы кылмыштуу топтун иши каралбай жаткандыгын белгилеп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.
“Мен кайрадан профсоюздар боюнча чуулгандуу ишке кайрылам. Бул маселе далай жолу көтөрүлдү. Профсоюздардын кылмыштуу топтун иши боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттык комиссия түзүлүп, бир жылдай иштеп чыктык. 21-июнда комиссия отчет берип, токтом кабыл алынган. Эми ушул токтомдун аткарылышы ишке ашпай жатат. Башкы прокуратура эми араң ушул боюнча маалым кат сурап жатат. Бул эмне деген Кайдыгерлик! Учурда Апшыр-Ата, Арсланбап, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Жалал-Абад курорттору ошол боюнча турут. Укук коргоо органдары бир сурап да койгон жок.
Кечээ, Ысык-Көлдө президент күйүп-жанып айтканда гана иштей башташты. Бирок президенттен башка органдар кыймылдабай жатат. Биздин токтомдорду көзөмөлдөгөн органдар кыймылдап койсо…ИИМ экономикалык кылмыштарды карай албайбыз деди. Финпол жоюлду, прокуратура тергөөнү алып койду дейт. Эми бул ишти ким колго алат? Ошондуктан мен Жогорку Кеңештин трибунасынын кайрылуу жасайм.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, эрдик кылсаңыз сүрөө кылыңыз! Ушул профсоюздардын кылмыштуу тобун аягына чыгарып берсеңиз. Өз көзөмөлүңүзгө алсаңыз. Алар дээрлик 298 обьектинин ичинен 164түн сатып жиберишкен”, – деди Атазов