“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы президенттин административдик-аймактык реформасын колдойт. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүн, 13-мартта парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү “Айыл өкмөттөрдү ирилештирүү жакшы. Муну баарыбыз колдошубуз керек. Бирок, бул реформаны президенттик администрация ишке ашырбайт. Жогорку Кеңеш аркылуу иш жүрүшү керек. Бардык нерсенин жол жобосу бар”,- деп билдирди.