2021-жылы 31-майдан 1-июнга караган түнү качырылган Орхан Инандынын камакта жатканына толук 2 жыл болду. Ал Түрк коопсуздук кызматтары тарабынан качырылып, Анкара шаарындагы Синжан түрмөсүнө киргизилген. Ага тагылган айыптар далилденбей, 2 жылдан бери соттук отурумдары жылдырылып келет.
Орхан Инанды 1995-жылдан бери Кыргызстанда жашап, кыргыз атуулдугуна ээ болгон. Ал негиздеген “Сапат” билим берүү мекемелеринен ушул кезге чейин 30 миңден ашуун окуучу окуп, турмуш жолуна аттанышты.