Депутат окуучу кыздардын жоолук маселесин көзөмөлгө алууну суранды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев мектеп окуучуларынын жоолугуна байланыштуу маселени мамлекеттик органдар көзөмөлгө алуусун суранды.
Ал 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы окуу жылы жаңы эле башталса да, мугалимдер тарабынан айрым түшүнбөстүктөр болуп жатканын айтты.
“Алар кайрадан жоолукка байланыштуу эскертүүлөрдү беришүүдө. Бул терс маанай жаратат. Бул боюнча укуктук баа берүүнү суранам. Билим берүү министрлиги жана прокуратура мындай көрүнүш кайсы мектептерде болуп жатканын изилдеши керек. Биз алардын конституциялык укуктарын коргошубуз зарыл. Бул маселени көзөмөлгө алгыла”,-деди депутат президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.

Бөлүшүү:
Next Post

Исхак Масалиев Украина менен согушта Россияга колдоо көрсөтүүнү сунуштады

4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев Украина менен болгон жаңжалда Россияны колдоону сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, Россия менен Украина ортосундагы согуш эки жылдан бери уланып келе жатат жана бул Кыргызстан үчүн союздаш болгон Россиянын ички маселеси болгон. “Биз бейтарап позицияны карманып келгенбиз, бул туура деп эсептейм. […]

Сизге жагышы мүмкүн