Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Асланбек Малиев президентке кайрылууга мажбур болуп жатканын айтып, быйылкы жылдын планына 100 имарат киргизишкенин, бирок, анын бирөө да ишке ашпай калганына кейиди.
Ал учурда айрым мектептерде кооптуу абал жаралганын белгиледи.
Ошондой эле, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин жетекчисине нааразычылыгын билдирди. Аны кызматтан алып, же, аталган комитетти жоюп, мүлк фондусуна кошуп салуу керектигин айтты.