“Биз мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин мыйзамдарды чыгарган жана көзөмөлдөгөн орган бизбиз. Бирок, биз чыгарган токтомдор жана мыйзамдар аткарылбай жатат”,- деди депутат Айбек Осмонов бүгүн, 6-сентябрда парламенттин жыйынында. Ал парламентти мыйзамдарды көзөмөлдөөгө чакырып, “протоколдук тапшырма берип жатабыз, токтомдор аткарылбай жатат. Муну ким көзөмөлдөйт”,- деп сурады.
Ал парламентти ынтымакка чакырып, биргеликте иш алып барууга үндөдү.