Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов өзгөчө кырдаалдар министрлигин сынга алып, “Ошто өзгөчө абал киргизилген. Селдин кесепеттери али күнгө чейин жоюла элек. Ал эми ӨКМ министри жана орун басарлары четте жүрөт. Бул деген жоопкерчилиги жок экенин билдирет”,- деди парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында.
Эртеңки жыйынга тийиштүү жетекчилерди чакырып, түштүктөгү кыйын кырдаал боюнча талкуу уюштурууну сунуштады.