“Кудайберген Базарбаевич сиз бул кызматка эки жолу келдиңиз? Сизден башка жокпу”,- деп сурады депутат Жеңишбек Токторбаев. Социалдык коргоо жана өнүктүрүү министри “бардыгы мыйзам чегинде”,- деп гана жооп берди. Министр отчетуна президенттин сүрөтүн чаптап, “Урматтуу президентибиз” деп жазып алганы сынга кабылды.
“Сиз пахтаны жакшы коёт окшойсуз. Отчетко президенттин сүрөтүн кантип чаптап алсын? Өзү деле антпегиле деп айтып жатпайбы? Биз сизден мурун Садыр Жапаровду колдоп жүргөнбүз”,- деди.