Депутат милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат сурады

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Таалай Сарбашев милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат сурады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Эл өкүлү “2015-жылы мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча эле. Азыр табият кырсыгынан канча деген турак жайлар жабыркап жатат. Бизде канча үй, канча короо жай камсыздандыруудан өткөн? Кечээги селден канча үй камсыздандырылган жана канча акча берилди? Ушул боюнча аталган ишкананын жетекчиси келип, маалымат берсин”,- деди .
Белгилей кетсек, депутат милдеттүү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн айтып, жергиликтүү бийликтин көңүлүн бурду.

Бөлүшүү:
Next Post

Жулиан Ассанжга каршы иш токтотулду

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Ассанж тыңчылык айыбы боюнча АКШ бийликтери менен келишим түзгөндөн кийин бошотулду. Ага каршы иш токтотулду. АКШнын Сайпан аралындагы Федералдык округдук сотунун судьясы WikiLeaks сайтын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж жана Юстиция министрлиги ортосундагы келишимди жактырды. Сот журналистти Улуу Британиядагы түрмөдө өткөргөн мөөнөтүнө соттоп, иштин жабылганын жарыялады. Өкүмдү окуп жатып, […]

Сизге жагышы мүмкүн