Депутат Марлен Маматалиев Туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди

Автор

“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев талаш – тартыш жаралып жаткан туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди.
Ал мындай дейт:
“Кайсы мыйзам болбосун, ал 3 окууда өтөт. Эми, ачыгын айтып коюшум керек, желектин маселеси парламентке келгенде авторлор “1-окуудан өткөрүп бергиле” деп суранды. Биз да макул дедик. Бирок, алар 2-окууга келгичекти элдер менен кеңешип, илимпоздор менен тегерек үстөлдөрдү өткөрүшү керек эле. Алгач, өзүбүз “парламент эмне үчүн желекти алмаштырып жатабыз”, – деген чоң суроого жооп беришибиз зарыл болуп турат. Авторлор желек күн карамага окшош деген аргументин сунуштап жатышат. Бирок, биз аны эмне кылсак деле бүгүн өзгөртүү талабы жок.
Маселен, жер шарында 8 млрд адам жашайт. Анын 30 өлкөсү гана же, көчмөн же, түрк тилдүү элдер же, КМШ мамлекеттери. Алардын жалпы саны 300 млн. Алар биздин желекти көрүп, ичинде түндүк бар экенин ансыз деле билишет. Калган 7 млрд 700 млн адам биздин желекти өзгөртсөңүз да, өзгөртпөсөңүз да алар үчүн баары бир. Анткени, аларда көчмөн, боз үй же, түндүк болгон эмес, андай түшүнүктөрү да жок”,- дейт депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

500дөн ашык адам үшүктөн куткарылды

Казакстандын 5 аймагындагы жолдордо 500дөн ашуун адам үшүктөн куткарылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. Абанын температурасы -33 градуска чейин төмөндөшүнө, ошондой эле кар күрткүсүнө жана музга байланыштуу 5 облуста республикалык маанидеги 9 унаа жолунун 9 жана райондук маанидеги 15 тилкесинде транспорттун бардык түрлөрүнүн кыймылына чектөөлөр киргизилди. ӨКМ билдиргендей, куткаруу иштерине […]

Сизге жагышы мүмкүн