Депутат Майлы-Сай шаарына каражат сурады

Автор

№19 Токтогул шайлоо округунун депутаты Кундузбек Сулайманов Майлы-Сай шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча министрлер кабинетинен каражат сурады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Ал “Бизде 2 шаар пайда болгон эле. Алар Кара-Балта менен Кант шаары. Жакында Майлы-Сай дагы шаар статусун алган. Бирок, райондун деңгээлинде калып кетти. Өкмөт облустук маанидеги шаарларга деп акча бөлүп бербедиби. Ошол акчадан Майлы-Сай шаарынын маселесин чечүүгө каражат бөлүп берсеңиздер”,- деди.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттын айткандары боюнча протоколдук тапшырма берүүнү буйруду.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК Курманкул Зулушевди башкы прокурорлук кызматтан бошотууга макулдун берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген […]

Сизге жагышы мүмкүн