Жаз мезгилинин келиши жана температуранын жогорулашы менен өлкөнүн айрым жерлеринде көчкү жүрүү, суу ташкындоо коркунучтары пайда болот. Мындан улам алдын алуу максатында профилактикалык иш – чаралардын жүргүзүү керек. Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов бүгүн,29-февралда парламенттин жалпы жыйынында маселе козгоп, өзгөчө кырдаалдар министрин угуу, алдын ала чараларды көрүү сунушун айтты.
Ошондой эле айыл чарба багытындагы көйгөйлөргө токтолуп, дыйкандардын арыз муңун жеткизди.