“Биз башмыйзам менен жашаганга көнүшүбүз керек. Бирок, биз түшүнүк менен жашап калдык. Депутат сүйлөгөн сөзү жана берген добушу үчүн куугунтукка алынбашы керек.”Альянс” партиясы үчүн тандалма саясат жүрбөсүн. Бийликке ыктаган депутаттарды баш кылып, баардыгыбыздын дипломдорубуз текшерилсин”,- деп билдирди Жанар Акаев.
Ал айрым кошуна өлкөлөрдүн депутаттары президенттик администрация менен трибунадагы сүйлөөр сөзүн кеңешип, анан, сүйлөөрүн айтты. “Эркиндикти сүйгөн Кыргыз элине мындай жол таптакыр жарашпайт”,- деди ал.