Майда жана чакан бизнес үчүн 50 млн жана 75 млн кредит алынганын айткан депутат Мирлан Самыйкожо “бул каражаттар банкалар аркылуу таратылып берилиши керек эле. Ишкерлер үчүн үстөк пайызсыз бериле турган мындай каражаттын чоо – жайын билүү үчүн тийешелүү уюмдарды чакыралы”, – деп сунуштады. Депутат каражаттын максаттуу колдонуп, колдонулбаганына жана дарегине туура жетип, жетпегенине кызыкты.