Депутат Каратайдагы Машрапсайга бийликтин көңүлүн бурду

Автор

Бүгүн, 12-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында суу ташкынын боюнча маселе айтылды.

“Алмаз Ахунжанович, өзүңүз да Каратайдын кулуну болосуз. Ал жерде Машрап Сай бар. Дагы бир суу ташкыны болсо, ал жерден сел кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, өзгөчө кырдаалдар министрлиги азыртадан дамба куруп, алдын ала сел коркунучун жоюу боюнча иш алып барышы керек. Ак-Бурадан сел келет деп эч ким ойлогон эмес. Көрдүңүз го, быйыл эмне болдук”,- деди Таалайбек Сарыбашов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып.
Депутат ошондой эле Каратайдагы логистикалык борбор жараткан көйгөйгө да токтолду.
“Ал жердеги терминал жол тыгынын пайда кылып, элдер 2-3 саат күтүп калышат экен. МАИ кызматкерлери жолду бошотууга аракет кылышса дагы жол тыгынын чечүү мүмкүн эмес. Ал жолдон Алай, Чоң-Алай эли каттайт. Терминалдын курулганы жакшы деңизчи, бирок, унаа токтоткон жайын ырастап коюшса, элдерге ыңгайсыздык жаралбайт эле”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган Крымды Украинага кайтаруу зарылдыгын билдирди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 4-Крым платформасы лидерлеринин саммитинде сүйлөгөн видеокайрылуусунда Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоорун айтып, Крымды Украинанын курамына кайтарууну жактады. «Украинанын аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин жана көз карандысыздыгын колдообуз өзгөрүүсүз бойдон калууда. Крымды Украинанын курамына кайтаруу эл аралык укуктун талабы. Крымдагы жергиликтүү элдердин бири болгон биздин крым-татар-түрк боордошторубуздун коопсуздугун жана […]

Сизге жагышы мүмкүн