Депутат камакта сабагандар боюнча маалымат сурады

Автор

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар абактардагы кырдаал боюнча маалымат сурашты.
“Камактарда, убактылуу кармоочу жайларда отургандар сабалды деген маалыматтар чыгып жатат. Ушул боюнча маалымат берип койгулачы”,- деди Исхак Масалиев.
Ал ыш маселесине көңүл буруп, “былтыркы жылы ыш боюнча чечим кабыл алынган. Эмне үчүн ыш дале токтогон жок. Ошол чечимдин аткарылышы боюнча маалымат угалы”,- деп айтты депутат.
Белгилей кетсек, кечээ Бишкек шаарындагы түрмөлөрдүн биринде 5 киши катуу сабалганы боюнча маалымат тараган.
Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Унааларды камсыздандыруу боюнча маалымат жок

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айдоочулардын камсыздандыруу полиси (ОСАГО) маселеси кайрадан көтөрүлдү. Эл өкүлү Элдар Абакиров “1-январдан баштап айдоочулардын камсыздандыруу полиси (ОСАГО) жокторго айып пул салынабы же, анын мөөнөтүн 6 айга узартылабы?” – деп суроо салды. Ал ОСАГА (камсыздандыруу) боюнча так маалымат сурап, элге толук маалымат берип коюуларын өтүндү. Ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн