Депутат Жамгырчиев Өзбекстанда Салим Абдувалиев менен жолуккандыгы айтылды

Автор

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карашууда. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышып жатат.
Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Башкы прокуратура Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоп, 27-декабрда аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жөнөткөнүн айтып, комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Алишер Эрбаев “Эмил Жамгырчиев жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамы болуп туруп Орто Азияда белгилүү болгон Салим Абдувалиевден колдоо издөө максатында аны менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Аталган жолугушуудан кийин Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын жашыруу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чек арадан өтпөстөн болжол менен 2022-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп Бишкекке келген”, — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Украин футболчулары орусиялыктарды Олимпиадага катыштырбоону суранышты

Украин футболчулары Франциянын президенти Эммануэль Макрондон орусиялыктарды Олимпиадага киргизбөөнү суранышты. Бул тууралуу украиналык футболчулар Макронго кат менен кайрылышкан. Ага футболчулар кол коюшкандыгын эл аралык спорттук басылмалар жазышууда. Ошондой эле, Украинанын жаштар курама командасы жана команданын машыктыруучулар штабы Париждин мэри Анн Идальго, Франциянын спорт министри Амели Оудеа-Кастерага жана оюндардын уюштуруучуларына кайрылышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн