Депутат Болот Мамбетовдун сөөгүн алып келүүнү сунуштады

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мамлекеттик жана саясий ишмер Болот Мамбетовдун сөөгүн алып келүү үчүн Президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 29-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Ал “Ысык-Көл эли ушундай маселе көтөрүп жатат. Кезегинде Исхак Раззаковдун сөөгүн да алып келгенбиз. Эми бул кишини да, ал жерге таштабасак”,- деди.
Белгилей кетсек, Болот Мамбетов 1961—1968-жылдары Министрлер кеңешин жетектеп, 1990-жылы Москвада көз жумган. Ал Новокунцевск мүрзөсүнө көмүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаздын алгачкы күндөрү аба ырайы кандай болот?

1-2-мартта борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт, 3-мартта айрым жерлерде кар жаайт. 4-мартта түнкүсүн кар жаайт, ал эми күндүз жана 5-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бишкек шаарында абанын температурасы: 29-февралда түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…4; 1-мартта түнкүсүн -3…-5, күндүз +3…5; 2-мартта түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн