Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо бүгүн, 4-декабрдагы парламенттик жыйында 10 мүнөттүк сөзгө чыгып, ата-энелер тарабынан көңүл бурулбай жаткан өспүрүмдөрдүн абалына коомчулуктун көңүлүн бурду.
Азыр ата энелер мээрим төкпөй, балдар болсо, телефон менен гана алек болуп калышкандарын, ал аз келгенсип, балдар бакчада тарбиячылар жеткинчектерди сабап жаткан учурлар бар экенин билдирди.
“Балага жомок айткан эне жок азыр. Балдарыбызга туулган жерин, улутун үйрөтүп, ураанын айттырбаса, анда биз кантип ата-эне болобуз? Айрыкча, баланын билим алуусуна же, дүйнө таануусуна караганда акча табуу, тойго баруу менен гана жашап калдык. Балдар үчүн болгон эле камкордугубуз бул – телефон менен алаксытуу болуп калды” , — деп айтты Мирлан Самыйкожо.