Депутат аткарылган ири жумуштардан үчөөнү белгиледи

Автор

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына кара көз айнек тагынып келгендигине байланыштуу депутат Медер Алиев кечирим сурап, “этикалык нормага туура келбей жаткан болсо, капа болбойсуздар. Жакында эки көзүмөн операция болом, учурда операцияга даярдык жүрүп жатты эле”,- деди.
“Кечээ бир парламентарий адептин сыртына чыгып, жаңы саясий күчтөрдүн келиши жана жаңы башмыйзамдын кабыл алынышынан кийин эмне өзгөрдү деп биз менен аябай талашып тартышты. Мен аткарылган ири жумуштардан үчөөнү гана белгилеп кетейин. 2021-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтырууда бардык юристтер “биз Эл аралык сотто утулабыз, Кыргызстанга инвестор келбейт”,- дешкен. Алар жаңылышты. Мурда Кумтөрдөн бюджетке 100 млн доллар түшүп жатса, улутташкандан кийин ал сумма 3 эсеге көтөрүлүп, 300 млн долларга көтөрүлдү. Мен сөөгүмө чейин юрист катары айтсам, криминал менен күрөшүү жогорку деңгээлде жүрдү жана жүрүп жатат. Биз бул аракетти кынтыксыз колдоого алышыбыз керек. Анткени, айылда деле экөө бир нерсе талашып урушуп кетсе, милицияга эмес криминалдын өкүлүнө барышчу эмес беле. Үчүнчүсү, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жол курулушу. Бул биздин өлкөбүз үчүн инвестициялык аба ырайын шарттайт”,- деп билдирди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

13-июнь, атайын операция: Киев бир күндө эки миң жоокерин жоготту

Россиянын аскердик бөлүктөрү алдыга жылып, фронттук чепте позицияларын жакшыртышты. Украин аскерлерине сокку уруп, 13 чабуулду кайтарышты. Каршылаш тараптын жоготуулары эки миң аскерди түздү. Мындан тышкары, Киев АКШ, Польша, Германияда өндүрүлгөн куралдарын жоготту. Ошондой эле орус аскерлери тарабынан Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн тогуз ок-дары сактагычы жок кылынды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн