Депутат “Ататүрк” паркы боюнча мурдагы мэрлердин жоопкерчилигин кароону сунуштады. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 15-майдагы жалпы жыйынында депутат Камила Талиева айтып чыкты.
Эл өкүлү “20-май күнү Ататүрк паркына таандын 43 гектар жерди бошотуу максатында үйлөрдү сүрдүрөбүз деп жатасыңар. Ал жерде эмгеги менен үй алгандар жашайт, көчүрөөрдөн мурда мэрия териштирбейби”,- деди.
Ал алгач, Ататүрк паркын участка кылып бөлүп берген ошол кездеги мэрлерди мыйзам жоопкерчилигине тартууну сунуштап, “ортодо биздин жөнөкөй эл күйүп кетпеш керек. Акылбек Жапаров дагы жеке өзү көзөмөлүнө алсын. Андан көрө, мыйзамсыз берип жибергендерди жоопко тартуу зарыл”,- деди депутат.