Милициянын мурдагы тергөөчүсү, учурдагы депутат Айгүл Айдарова ИИМди сындап, министр өз бизнеси менен алек болууда дегенден башка жетиштүү фактыларды көрсөтө алган эмес. Анын жөн эле кесиптештерине жалаа жаап, эски кегин алып жатканы айтылууда. Болбосо, ИИМдин жооптуу кызматына өзүн дайындаса, канчалык деңгээлде иш жүргүзө алат деген маселе жаралат. Кечээ ИИМ депутатка өзүнүн сайты аркылуу жооп берип, негизсиз каралоодон алыс болууну жана тарапсыз позицияны карманууну сунуштады. Негизи эле Айгүл Айдарованын ички иштер министри Улан Ниязбековго көз карашы түз эмес экени байкалууда. Экөөнүн кармашы улана берсе, интрига мындан ары да күчөйт го…
АКШнын Өкүлдөр палатасы Киевге 61 миллиард доллар бөлүүгө макул болду
Дүй Апр 22 , 2024