Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Марва телеканалына маек берип, өзүнүн диний жашоосун, исламдагы эрежелер, зекет жана намаз темаларына кеңири токтолду. Рамазан айына байланыштуу берген маегинде айрым эл билбеген сырларды да ачып берди.
– Ал Ак үйдө ачылган намазкананын алгачкы азанчысы болгон.
– 2006-жылы Каржы министрлигинде,
-2008-жылы Экономика министрлигинде,
– 2009-жылы Ак үйдөгү намазкананын ачылышын демилгелеген.
– Намаз окуганына 18 жылдан ашкан.
Марлен Маматалиев 1981-жылы Бишкек шаарында туулган. Парламенттеги “Ынтымак” фракциясынын лидери. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдрахман Маматалиевдин уулу.