Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматованын Бажы кызматында иштеген уулу жемкордукка шектелип кылтакка илингени маалым болгондон кийин коомчулукта ар түрдүү пикирлер орун алууда. Айрымдары мындай кесепетти анын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатышат. Аял киши болсо да, парламентте олуттуу маселелерди козгоп, жат көрүнүштөрдү сындаган активдүүлүгү бийлик тарапта кимдир бирөөлөрдү коркуттубу? Бирок, кармалгандардын чоо – жайына соттук териштирүү чекит койоорун эске алганда окуяны Министрлер кабинетине же, кайсы бир чиновникке байланыштыруу таптакыр туура эмес көрүнүш.