Депутаттын апасы 14 жыл жер акысын төлөбөй келген

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Рысбаевдин апасы Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан рестораны үчүн 14 жыл жер акысын мэрияга төлөгөн эмес. “Мээрим” рестораны жана анын алдындагы 16 коммерциялык обьект 2010-жылдан бери жер акысын мэрияга төлөбөй келгенин муниципалдык менчик башкармалыгы маалымат тараткан.
Белгилүү болгондой, 2010-жылга чейин 10 сотых жерге Салтанат Маманова деген айым менен келишим түзүлгөн. Салтанат Маманова Кыргызстандагы бай ишкерлердин катарын толуктаган, мурдагы депутат Рустам Мамановдун жана учурдагы депутат Равшанбек Рыспаевдин апасы экендиги айтылууда. 13 жылдан бери төгүлбөгөн ижара акысы 10 млн сом деп эсептелгени белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов Кемпир-Абад боюнча камалгандардын маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Кемпир-Абад боюнча камалгандардын маселесин көтөрүп, башкы прокурорду парламенттин жалпы жыйынына чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралдагы жалпы жыйынында билдирди. Эл өкүлү “Көрүп жатасыздар, Кемпир-Абад боюнча камалгандарды сотто нукуп, укугун тебелеп жатышат. Сотту ачык өткөрүп, аягына чыгарыш керек “,- деди. Бирок, төрага учурда тергөө жүрүп […]

Сизге жагышы мүмкүн