VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады.Төрага Нурланбек Шакиев жалпы 73 пленардык жыйын, өтүп, 200дөн ашуун мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты.
Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда Кыргызстандын мамлекеттик гимни аткарылды.
Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июнь айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга кетет. Ал эми төртүнчү сессия үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында ачылат.