Депутаттар элчиге зээриккенинен чалбайт

Автор

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевди Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева сындап, аны менен байланышуу мүмкүн эмес деп билдирди.
“Мен өзүм чалдым, СМС да жаздым, бирок, жооп болбоду. Депутаттар сизге зээриккенинен чалбайт. Эгер эл өкүлү сиз менен байланыша албаса, мигрант көйгөйүн кантип жеткизет”,- деп сурады депутат.
Элчи бейтааныш номерлерди албай турганын айтып, “сиздин СМСиңиз келбеди, балким жыйында болуп калсам керек”,- деп актанды.

Бөлүшүү:
Next Post

Эсирген ат кошчуларды жазалоо демилгеси унутта калды

Өткөн бейшембиде Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев эски бийликтин эсирген ат кошчуларын катуу жазалоо керек деп күпүлдөгөн эле. Икрам Илмиянов менен Алманбет Салиевдин чектен чыккан кылыктары айтылып, мыйзам алдында жоопко тартуу маселеси кайрадан козголгон. Бирок, парламент бул сапар да, “айта берет – сөзүнөн кайта берет” болду. Ошону менен катар Сооронбай […]

Сизге жагышы мүмкүн