Жогорку Кеңештин 23-июндагы жалпы жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын кароо маселеси күн тартибине кирди.
Мындай сунушту «Ишеним», «Ата журт-Кыргызстан», «Мекенчил» депутаттык тобу берген. Маселени күн тартибине киргизүүгө 61 депутат «макул», бирөө «каршы» болду.
Парламенттин жыйынында да бир катар депутаттар Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары кызматтан алынышын талап кылышкан.