Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көчмө жыйын өткөрүшөт. Анда шаардын жашоочулары менен жолугушуп, көйгөйлөрдү угушат. Ысык-Көлдүн тазалыгы, жер сатуулар, шаарды өнүктүрүү жана туризмге даярдык боюнча кеңири кеңешме өтөт.
Ише Май 20 , 2023
Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн башчыларынын саммити башталды. Алар Англия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана Америка кошмо штаттары. Мындай маалыматты Reuters маалымат агенттиги таратты. Саммитке Орусия менен Кытайдан өкүлдөр чакырылган. 3 күнгө созула турган саммитте Украинадагы согуш жана Орусияга каршы жаңы санкциялар талкууланат. Бөлүшүү: