Депутаттар таза суу маселесин дагы көтөрүштү

Автор

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Таалайбек Сарыбашев таза суу маселесин көтөрдү.
Эл өкүлү “Негизи, башталган иштин бүткөнү жакшы. Өлкөбүздө бир топ соцобьектилер бүткөрүлүп, алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Бирок, таза суу боюнча маселелер көп. Муну айыл чарбасына же, архитектурага алып барып кошуп койдук. Бул туура эмес экен, таза сууну өзүнчө комитет кылбасак болбойт”,- деди.
Ал Алай районунун Жибек Жолу айыл өкмөтүнө караштуу Согонду айылындагы Наристе бала бакчасы жана 100 гө чукул үй бүлөө суусуз калганын маалымдады. “Скважина аркылуу таза суу чыгаруу долбоору каралып, 17 млн сомдук сметалык баасы каралган эле. Бирок, бул долбоор 20 пайыз гана аткарылды. Ушуга көңүл буруп, өкмөт аягына чыгарып коюшун элдер суранып жатышат”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Алишер Козуев, ЖК депутаты: "Мотолор боюнча көйгөй көп"

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев шаар ичиндеги мотолор, самокаттар боюнча маселе көтөрүп, тийиштүү министрликтерден булар боюнча түшүндүрмө сурады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жыйынында айтып чыкты. Ал “Учурда жол чыракта турган унааларды аралап өтүп, чийип, бир топ маселе жаралып жатат. Шаарда таптакыр эрежени сактабай калышты. Акылдуу шаар долбоору […]

Сизге жагышы мүмкүн