Билим берүү министрлигинин мугалимдерге ноутбук сатып берүү иши боюнча депутаттык иликтөө жүргүзүү талабы бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттин жалпы жыйынында козголду.
Депутат Камила Талиева ноутбук маселесинде министрлер кабинетинин жарлыгы туура эмес жазылганын айтып, “ноутбуктардын качан алынаары да көрсөтүлбөгөн. Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин жана башка бир катар министрликтердин каршылыгына карабай, бир топ кемчиликтер кетиптир. Бул барып акыр түбү баягы “аттиш операциясына” барып калмак экен. Президент өз учурунда туура, алдын алуучу жаза колдонду. Муну акыр аягына чыгарып, иликтеп коюшубуз керек”,- деди депутат.
Өткөн жумада президент мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууда кетирген кемчиликтери үчүн минкаб төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага, ошондой эле министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш жарыялаган эле.