Депутаттар мунапыс берүүнү суранышты

Автор

Абхазия менен Армениядан келген унаалар боюнча маселе парламент жыйынында кайрадан көтөрүлдү.
Бүгүн, 5-декабрда депутат Дастан Бекешев өкмөттөн суранып, армения менен абхазиянын номери менен жүргөн унааларга мунапыс берүүнү сунуштады. “Мына, жакында 2025-жылдын бюджетин карайбыз. Ушул маселени ойлонуп көрбөйсүздөрбү? Балким, жаза төлөтөбүзбү? Ошондо деле бюджетке каражат түшкөн болот. Учурда МАИ унаа токтотуучу жайга киргизип жатат. Эми мыйзам ченемдүү иш деңизчи. Бирок, алар биздин жарандар да. Көптөгөн депутаттарга кайрылып жатышат. Өкмөт мунапыс жагын карап көрсөңүздөр”,- деди депутат.
Белгилүү болгондой, аталган унаалардын 20 саны 20 миңден ашуун экени айтылып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент Равшанбек Сабировдун талапкерлигин талкуусуз колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 5-декабрдагы жыйынында Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо боюнча президенттин сунушун колдоду. Эске салсак, 4-декабрда өлкө башчынын Жарлыгы менен Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Равшанбек Сабиров 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылышка депутат болгон. Ага […]

Сизге жагышы мүмкүн