Депутаттар мектептердин көйгөйүн дагы көтөрүштү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 12-сентябрда кайрадан мектептеги көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Бишкек шаарындагы номер 70, 26, 31, 63, 4, 37, 98- мектептерде математика, химия, физика, география, тарых, информатика жана орус тили боюнча мугалимдер жетишсиз болуп, жабылуу алдында турганын Бактыбек Чойбеков билдирди.
“Мына, окуу жылы жаңы башталды. Көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл, бул мектептердин айлык маянасы аз болгонуна байланыштуу мугалимдер жеке мектептерге кетип жатышат. Анын үстүнө “гимназия” деген статусун да алып салышыптыр. Айрым мектептердин акчалары чечилбей онлайн окуп атышат”,- деди депутат

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Каратайдагы Машрапсайга бийликтин көңүлүн бурду

Бүгүн, 12-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында суу ташкынын боюнча маселе айтылды. “Алмаз Ахунжанович, өзүңүз да Каратайдын кулуну болосуз. Ал жерде Машрап Сай бар. Дагы бир суу ташкыны болсо, ал жерден сел кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, өзгөчө кырдаалдар министрлиги азыртадан дамба куруп, алдын ала сел коркунучун жоюу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн