Жогорку Кеңештин депутаттары ломбарддар сүткорлук менен алектенет дешип, жаап салууну сунушташты. Депутат Айбек Алтынбеков “булар жарытып, салык деле төлөшпөйт экен жаап салалы”,- деди эле экономика министри Данияр Амангелдиеа “анда банктарды дагы жаап салыш керек болот. Аларды жаап салууга болбойт, мыйзам менен иреттеп, көзөмөлгө алабыз”,- деп жооп берди.
Салык кызматынын өкүлү билдиргендей, 2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен ломбарддардан түшкөн салык 70 млн сом. Ал эмт 2022-жылы бул көрсөткүч 25 млн 463 миң сомду түзгөн.