Депутаттар жол тыгынына нааразы

Автор

Бүгүн, 11-сентябрдагы Парламент жыйынында жол тыгыны боюнча маселе көтөрүлүп, нааразычылыктар айтылды. “Шаарда жол тыгыны кайра көбөйүп, түнкү саат 8-9 га чейин узарып кетти. Студенттердин сабагы саат 10:00 дө баштайт деген чечим чыгарган элеңер. Мунун 2-бөлүгү бар. Студенттер түнү бир маалда кантип окушат, түнү ким аларга сабак берет. Студенттерди эксперимент катары качан коесуңар”,- деди депутат Дастан Бекешов. Бул маселе боюнча төрага да, терс пикирин билдирип, министрлер кабинетине жол тыгынын жоюу боюнча тапшырма берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент кайра танапис жарыялады

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында президенттин өкүлү Алмаз Абытовдун сунушунун негизинде, Баткен облусунун аймактык реформасын жабыш эшик артында кароо үчүн 4 комитет жыйынга чогулду. Мындан улам парламентке 40 мүнөттүк танапис жарыяланды. Белгилүү болгондой, кечиктирилгис маанилүү документ катары Бюджет, агрардык, Эл аралык жана финансы комитеттери карайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн