Жогорку Кенештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестинага котормой болушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештеринин бир күндүк маянасын Палестинага которуу боюнча сунушту добушка коюуну суранды.
Сунуш добушка коюлуп, депутаттар бир күндүк маянасын Палестинага котормой болушту.
Ал эми төраганын орун басары Сыдыгалиев бул боюнча ТИМ менен сүйлөшүп, которо алабызбы же жокпу тактарын айтты.