Депутаттар Армениядан келген унаалардын маселесин чечмек болушту

Автор

Депутаттар Армениядан келген унаалардын маселесин чечмек болушту
Депутат Улукбек Ормонов Абхазия менен Армениядан кирген унаалар боюнча маселени көтөрүп, учурда унаа элерин кыйнап, унааларын экспертизадан өткөзүүнү талап кылышып, керек болсо, убактылуу акы төлөнүүчү жайга токтотуп жатышканын парламент жыйынында маалымдады. “Эң алгач, ошол унааларды өлкөгө киргизген Бажы кызматы менен Чек ара кызматынын тийиштүү адамдарын жоопко тартыш керек. Уруксат жок болсо, эмне үчүн өлкөгө киргизишет? Андыктан, Жогорку Кеңештин профилдик комитети ушул маселени карап чыгышы керек”,- деп билдирди депутат. Өз кезегинде спикер дагы тийиштүү жетекчилердин көңүлүн ушуга буруп, “элдин өтүнүчүн сөзсүз чечебиз. Керек болсо, пленардык жыйында карап берели”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 16-23-октябрда өтөт

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү жашаган жеринде болбой турган жарандар үчүн 16-23-октябрь күндөрү мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүүнү бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады. Ал күндөрү шайлоо участокторунда добуш берүү жумуш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Өзбекстандын […]

Сизге жагышы мүмкүн