Швециянын Социал демократиялык партиясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер министр, учурдагы депутат Мона Сахлин кечинде жумуштан чыгып, үйүнө баратып дүкөнгө баш багат. Азык-түлүк менен бирге Европада таанымал “Тоблероне” шоколадынан сатып алат. Баасы 10 доллар болгон шоколадды карточкасы аркылуу төлөйт. Бирок, көп өтпөй финансы министрлигинин аудит кызматы эшигин кагат. Анын шоколадды өкмөт берген карточка менен төлөгөнү ачыкка чыккан болот. Ошентип, териштирүү башталат. Өзүнө таандык болгон мүлкүн, акча каражатын, үйүн тинтүүгө алышат. Иш сотко чейин барат. Мона айым шашылыш болгондугуна байланыштуу өздүк карточкасын өкмөт берген карточкага алмаштырып алганын айтып, араң кутулат. Бул окуя тарыхка “Тоблероне окуясы” катары жазылып калган.
Ал эми биздечи? Мындай окуянын окшошу башка мусулман өлкөлөрдөн кездештирүүгө болобу?