Диетолог Майкл Мосли эң арзан жемиштин пайдалуу касиеттери тууралуу айтып берди. Биз алма жөнүндө сөз кылалы.
Адистин айтымында, күнүнө жок дегенде бирден алма жесе, дарыгерлерге кайрылуу бир топ кыскарат. Диабеттен баштап холестериндин деңгээли жогору болгондорго алма жегенге кеңеш берилет.
Алманын арты менен организм азот кычкылын чыгарат, ал сезгенүүнү азайтат, кан басымды жакшыртат, аш болумдуу заттарды көбөйтөт жана ичегидеги зыяндуу бактерияларды өлтүрөт.
Алманы күн сайын жеп туруу дененин жалпы чыңдалышына жана ден соолуктун жакшырышына өбөлгө түзөт.