Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль жеңди

Автор

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Суу спортунун түрлөрү боюнча федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Денис Петрашов АКШнын күчтүү суучулдары катышкан TYR сериясындагы абройлуу турнирде 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, алтын медалды багындырды.
Спорт адистеринин пикиринде, бул Олимпиада оюндарынын финалына татыктуу сүзүү болду. Денис Петрашов чемпиондук ылдамдыгын көрсөтүү менен 59,83 убакытты көрсөтүп, финалды багындырды.
Дүйнө чемпиону Ник Финк 1:00.03 жыйынтыгы менен экинчи келсе, Рон Полонски үчүнчү орунду алды, ал эми Майкл Эндрю медалдан кол жууп калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттыкка талапкерлер шайлоочулар менен жолугушат

15-апрелден тарта №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Баткен округунан 10 талапкер, Ош округунан 14, Кара-Суу шайлоо округунан 11 талапкер бар. 28-апрелде өтө турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган шайлоочулардын […]

Сизге жагышы мүмкүн