Бир күн кайрадан ойгонуу максатын көздөп, өзүн – өзү тоңдурткан адамдардын саны 250дөн ашты. Дүнүйөдө өзүн тоңдурткан алгачкы адам катары Жеймс Бедфорд 50 жылдан бери атайын даярдалган вакумда жатат.
Ал америкалык билим инсаны. Калифорния университетинде психология боюнча окуткан. Өлгөндөн кийин денеси тоңдурулган алгачкы адам. Ал 1893-жылы АКШнын Массачусетс штатында туулган. Азыр ал “Alcor Life Extension Foundation” деп аталган денени тоңдуруп, сактоочу компаниянын клиникасында жатат.
Белгилүү болгондой, айрым адамдар өлүмүнө жакын кайсы бир жылдары кайрадан ойгонуу үчүн же, жашоого кайтып келүү максатын көздөп, атайын компаниялар менен келишим түзөт. Алар вакумдун ичинде тоңдурулуп, ойгонгон күнүнө чейин көзөмөлдө болушат.